Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 11
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени жана Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шайымкуловдун корутундусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шайымкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы жакыр, жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө «Ас-салам» фонду тарабынан үй куруп берүү үчүн муниципадык менчиктеги Масы айылынын К.Султанов көчөсүнөн автобазанын жанынан 600м2 жер тилкеси ажыратылып берилип, курулган үй баланстык наркы менен айыл өкмөттүн муниципалдык менчиигине өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарлышынын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |