Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 16–апрели № 18/4
Ынтымак айыл Өкмөтүнүн 2009–2010 жылдардагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ынтымак айыл Өкмөтүнүн 2009–жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү план боюнча 7948,5 сомду түзүп, ал эми жыл ичиндеги кирешелердин көбөйгөндүгү менен 11414,7 миң сомго такталып 2010–жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү план боюнча 8834,1 сомду түзүп, ал эми жыл ичиндеги кирешелердин көбөйгөндүгү менен 11605,9 миң сомго такталгандыгы жөнүндөгү Ынтымак айыл округунун каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ынтымак айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2009–жылга карата өзгөртүүлөрүн эске алуу менен киреше бөлүгү 11414,7 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 11414,7 миң сомго бекитилсин.
2. Ынтымак айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2010–жылга карата өзгөртүүлөрүн эске алуу менен киреше бөлүгү 11605,9 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 11605 миң сомго бекитилсин.
3. Киреше жана чыгаша бөлүгүн өзгөртүүлөрү жана толуктоолору № 1,2 – тиркемелерге негиз бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык округунун кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Усонов |