Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 7
Масы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 02.06. № 387-сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Масы айылдык Кеңешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовдун жана айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 02.06. № 387-сандуу сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовдун жана айыл өкмөттүн 2017-жылдын 02.06. № 387-сандуу сунушу эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы камыш баскан айыл чарба багытындагы жер аянттарына камышка каршы дары себүү үчүн өкмөттүн бюджетинен 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Масы айылындагы № 827-контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунан 2,5 га жер аянтынын бардыгына камыш басып кеткендиктен 2017-жыл үчүн ижара акысы 50% га кыскартылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айыл өкмөтүнүнү администрациясына жана Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |