Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 10
“ЖЧК ОРЕКЕ” менен келишимди жокко чыгаруу жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы С.Шерматов көчөсүн ремонтоо үчүн тендердин негизинде ЖЧК “ОРЕКЕ” жеңүүчү деп табылган, бирок ЖЧК “ОРЕКЕ” тийиштүү деңгээлде жумушту аткарбагандыктан, ЖЧК “ОРЕКЕ” менен Масы айыл өкмөтүнүн ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишим жокко чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |