Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 15
Курбу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн алдында калуу коркунучу бар турак-үйлөрдү жана социалдык мекемелерди көчүрүп чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курубу-Таш айылындагы жер көчкүсүнүн алдында калуу коркунучу бар турак-үйлөрдү көчүрүп чыгарууда жашоочуларга жардам көрсөтүлсүн.
2. Ар бир турак-үйдүн ээсине кооптуу болгон учурда көчүрүп чыгаруу үчүн 30 литрден күйүүчү майга акча каражаты берилсин.
3. Социалдык мекемелерди көчүрүп чыгаруу боюнча тиешелүү жерлерге билдирүүлөр берилсин,алардын чечимине ылайык көчүрүлүп чыгарылсын жана керектөөсүнө жараша акча каражаты бөлүнсүн.
4. Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жана иш-аракеттерди өз убагында ыкчам чара көрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Х. Каныбаев |