Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 16
Жер көчкүсү алдында калган жерлерди пайдаланууга тыюу салуу жана жерлердин категорияларын өзгөртүүгө сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.05.2017-жылдагы №5\1 протоколдук тапшырмасынын негизинде 2017-жылдын 14-апрелиндеги Кысык-Алма айлында жана 23-апрелинен 25-майга чейин Курбу-Таш айылында тынымсыз жүргөн жер көчкүнүн алдында калган жерлердин категориясын өзгөртүү жана көчкү алдында калган жерлерди инвентаризациялоо боюнча Өзгөчө кырдаалар боюнча башкы адис О.Жакыпбаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-үйлөр көчүрүлгөн жерлерди курулушка пайдаланууга тыюу салуу үчүн кооптуу жерлерге инвентаризация жүргүзүлсүн.
2. Жер көчкү алдында калган жерлерди жердин башка категориясына өткөрүү үчүн тиешелүү мамлекетти органдарга сунушталсын.
3. Жер көчкү алдында калган жерлерди жердин башка категориясына өткөрүү үчүн жерлердин аянттарын тактап,тиешелүү органдарга жиберүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |