Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 18
Жеке менчик турак-жай курууга Киров айылынын Алча-Башат участкасынан жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-4-пунктарына ылайык жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен жеке менечик турак-жай куруу үчүн башкы пландын схемасын түзүүгө Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы Алча-Башат участкасынан жер аянтын бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менечик турак-жай куруу үчүн башкы пландын схемасын түзүүгө Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы Алча-Башат участкасындагы калктуу конуштан жалпы 6,10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жеке менечик турак-жай куруу үчүн жер аянтына башкы пландын схемасын түзүү жана тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |