Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 20
Кооптуу аймактарда жашаган жарандардын тизмелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 63-беренесине ылайык табият кырсыгынан жабыр тарткан жарандарга коопсуз аймактан жер тилкелерин берүү максатында Жалпак-Таш айыл аймагынын Жарандык коргонуу комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы №4 Чечимине ылайык жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар адиси О.Жакыпбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы кооптуу аймактарда жашаган турак-үйлөрү бар,бирок башка жактан жер тилкелерин албаган турак-үй ээлеринин тизмеси бекитилсин.
2. Такталган тизмелер боюнча жер тилкесин бөлүп берүү жагы Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |