Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 21
Ички чарбалык жол куруу жөнүндө
КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18 -бернесине ылайык Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымдарын Курбу-Таш айылында болгон жер көчкүсү басып калгандыктан Түз-Бел,Карл Маркс,Үч-Капчал,Ак-Терек жана Кара-Тарык айылдарынын тургундарынын жол куруп берүү боюнча арызын карап чыгып,Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Эралиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб-Жалпак-Таш авто жолунун 19-21 чакырымдарын 2017-жылдын 23-апрелинен 25-майына чейин Курбу-Таш айылында болгон жер көчкүсү басып калгандыктан жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын чечүү максатында көчкү жайгашкан аймакты айланып өтүүчү чарбалык жол курулсун.
2. Жолдун курулушу чарбалык жол менен курулсун жана жергиликтүү бюджеттен 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Чарбалык жолду курууга “Сары-Таш” таш кенинде иш жүргүзүп жаткан ишканалар жол куруу үчүн атайын техникадан жана акча кражатынан жардам беришсин.
4. “Сары-Таш” таш кенинен оор жүк ташуу авто унаалардын ээлерине жол курууга акча каражатынан жана шагыл ташуу үчүн техникадан жардам беришсин.
5. Жол куруу боюнча иштерди,акча каражаттарынын жумшалышына көзөмөл жүргүзүү үчүн комиссия курамын түзүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Тиешелүү иштериди уюштуруу,жолду куруу жана жол курулгандан кийин оор жүк ташуучу авто унаалардын каттоосун көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча туруктуу комииссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |