Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 23
Курбу-Таш айылындагы көрүстөн көчкү алдында калгандыктан айланасын тосуу жөнүндө
КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылында жер көскүчүсүнүн кесепетинен Курбу-Таш айылындагы көрүстөн көчкү алдында калгандыгы боюнча Социалдык масалелер,билим берүү ,маданият ,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылындагы жер көскүчүсүнүн кесепетинен көрүстөн көчкү алдында калгандыктан айланасы тосулсун.
2. Көрүстөндүн айланасын тосуу үчүн сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн.
3. Акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык масалелер,билим берүү , маданият ,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |