Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 4/5
Кербен шаардык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын айрым токтомдорун бекитүү жөнүндө
Маданиятты даңазалоо, Кербен шаарынын карыяларын колдоо жана үй жаныбарларын идентификациялоону ийгиликтүү ѳткѳрүү максатында, Кербен шаардык Кеңешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын «КР эмгек сиңирген артисти Г.Э.Тойгонбаеванын «Ыйман», адеп жана маданият» жылына карата уюштурган иш чарасын колдоо жѳнүндѳ» 10.05.2017-ж. № 11 жана «Идентификацияланган малдарды базага киргизүү боюнча операторго эки айга сый акы берүү жѳнүндѳ» 19.05.2017 № 13 токтомдорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаардык Кеңешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын “КР эмгек синирген артисти Г.Э.Тойгонбаевнанын “Ыйман”, адеп жана маданият жылына карата уюштурган иш чарасын колдоо жѳнүндѳ” 109.05.2017-ж. № 9, “Аксы райондук ардагерлер Кеңешин колдоо жѳнүндѳ” 19.05.2017-ж. № 11, “Идентификацияланган малдарды базага киргизүү боюнча операторго эки айга сый акы берүү жѳнүндѳ” 19.05.2017-ж. № 13 жана ”2017-жылдын жарым жылдыгында Кербен шаарынын аймагындагы балабакчаларды азык-түлүк менен камсыздоонун абалы жѳнүндѳ” 19.05.2017-ж. № 12 токтомдору бекитилсин.
2. Кербен шаарынын бюджетинин атайын каражатынан каржылоого алынсын:
-КР эмгек сиңирген артисти Г.Э.Тойгонбаеванын иш чарасын колдоого 30000,0 (отуз миң) сом;
- Аксы райондук ардагерлер Кеңешин автотранспортунун ремонтуна – 10000,0 (он миң) сом;
- Идентификациядан ѳткѳн малдарды базага киргизүү боюнча ишке тартылган операторго аки айга сый акы
3. Кербен шаарынын мэриясы, шаардын бюджетинин тиешелүү бѳлүгүндѳ каралган каражаттардын эсебинен каржылоо жүргүзүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кенешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго жуктолсун.
Төрага | Н. Шадыбеков |