Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 01-05/34
Курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аймагындагы бош жаткан жер тилкелерине курулуш курууга уруксат сураган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Мырзамамыт Эгембердиев көчөсүнөн 0,10га жер аянтына жеңил конструкциядагы муниципалдык ветеринардык пункт курууга уруксат берилсин.
2. Кочкор-Ата шаарынын Садовая көчөсүндөгү аймактык оорукананын аймагына 0,9га жер аянтына шаарыбыздын багар-көрөрү жок, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан коргоо, ден соолугун калыбына келтирүү медициналык муниципалдык ишкана курууга уруксат берилсин.
3. Луговая көчөсүнө курулган фельдшердик-акушердик жана милициянын таяныч пункту муниципалдык объектилердин реестрине киргизилсин.
4. Мырзамамыт Эгембердиев көчөсүндөгү ветеринардык пункту Садовая көчөсүндөгү шаарыбыздын багар-көрөрү жок, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү социалдык жактан коргоо, ден соолугун калыбына келтирүү медициналык муниципалдык ишканасы жана шаарыбыздын жалпы стратегиялык өнүгүү планына киргизилген капиталдык курулуш объектилери, капиталдык курулуш иштери толугу менен бүткөндөн кийин Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын актысынын негизинде муниципалдык объектилердин реестрине киргизилсин.
5. Капиталдык курулуш иштерин, муниципалдык объектилердин реестрине киргизүү муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Я.Т. Абдурахманов |