Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 01-05/35
2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын карап берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кочкор-Ата колледжинин студенттери үчүн мини футбол аянчасын куруп берүү боюнча, Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын, Кочкор-Ата колледжинин студенттери үчүн мини футбол аянчасын куруп берүүгө долбоору үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүүгө жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Кичи футбол аянтчасын курууга долбоорун даярдоого 30% акча каражаты 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Кичи футбол аянтчасын курууда долбоорун даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен сарпталуучу 30% салым акча каражатын бөлүп берүүнү мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Я.Т. Абдурахманов |