Редакцияот 07.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 27- чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы

 

2017-жылдын 7-июну № 01-05/36

Суу түтүктөрүн оңдоо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кочкор-Ата шаар аймагын таза суу менен камсыз кылган жер астындагы суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип жарылып, шаарыбызга көптөгөн зыян келтиргендигин жана эскилиги жеткен жер астындагы суу түтүктөрүн ремонттоо иштерин «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомуна милдеттендирүү боюнча мэриянын жазган катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын аймагындагы жер асты менен тартылган суу түтүктөрүн ремонттоону жана Сакалды айыл аймагынан шаарыбызга тартылып келген башкы суу түтүктөрүн алмаштыруун «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомуна милдеттендирилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомунун жетекчилигине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Я.Т. Абдурахманов