Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 01-05/38
2017-жылдын жергиликтүү бюджетин бекиткен токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, сапар чыгымы үчүн төлөнүүчү суткалык акча каражатынын суммасы 250сомдон 600сомго чейин көтөрүлгөндүктөн, аппараттын түрдүү чыгымынан сапар чыгымына 100 000(бир жүз миң)сом акча каражатын, мектептерге жылуулук үчүн бөлүнгөн суммадан 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты мектептердин ремонту үчүн жылдырууну, № 01-05/15 токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин 70629 бөлүмүндө көрсөтүлгөн 40 881 000(кырк миллион сегиз жүз сексен бир миң) сомдон 12 400 000(он эки миллион төрт жүз миң) сом акча каражатын 70911 балдар бакчасынын бөлүмүнө которууну жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сатуудан алынган салыктын эсебинен (средства передаваемые) келген 2 170 400(эки миллион бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сом акча каражатын 2017-жылдын иш планындагы көрсөтүлгөн курулуш иштерине иштетүү үчүн бекитип берүү боюнча мэриянын бюджетке өзгөртүү киргизүүгө жазган катынын негизинде шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аппараттын түрдүү чыгымынан сапар чыгымына 100 000(бир жүз миң)сом акча каражаты жана мектердин жылуулугу үчүн бөлүнгөн суммадан 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты мектептердин ремонту үчүн жылдырылсын.
2. 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин № 01-05/15 токтомунун №2, 2/1-тиркемесиндеги 70629 -бөлүмүндөгү суммадан 70911-Балдар бакчасы бөлүмүнө 12 400,0 (он эки миллион төрт жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сатуудан алынган салыктын эсебинен (средства передаваемые) келген 2 170 400(эки миллион бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сом акча каражатын 2017-жылдын иш планындагы көрсөтүлгөн курулуш иштерине иштетүү үчүн бекитилип берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Я.Т. Абдурахманов |