Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 01-05/40
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын отчётун кабыл алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышы боюнча берген отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын 2016-жылга карата Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча берген отчёту жактырылсын.
2. 2016-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча депутаттардын берген кемчилдиктерин 2017-жылда жоюуну каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Я.Т. Абдурахманов |