Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 01-05/41
Жаш спортчуларды сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кочкор-Ата спорт мектебинин директору А.Усмановдун, Кыргызстандын жана Эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичти Франция мамлекетинин Париж шаарында боло турган Дүйнөлүк Чемпионатка катышып келүү аракетин колдоо, дем берүү жана даярдык көрүүсүнө жардам үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө жазган катын угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата спорт мектебинин директору А.Усмановдун, Кыргызстандын жана Эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичти Франция мамлекетинин Париж шаарында боло турган Дүйнөлүк Чемпионатка катышып келүү аракетин колдоо, дем берүү жана даярдык көрүүсүнө жардам үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичке спорт мектебинин сметасында көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин түрдүү чыгымдар эсебинен 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичке спорт мектебинин сметасында көрсөтүлгө жергиликтүү бюджеттин түрдүү чыгымдар эсебинен 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты менен камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Я.Т. Абдурахманов |