Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 01-05/39
2018-2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-2019-2020-жылдарга угузган болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2019-2020-жылдырга карата Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше булагы болжолдуу суммасы 55 876,0миң сомго, 2019-жылга болжолдуу суммасы 60 059,0миң сомго жана 2020-жылга болжолу 61 497,0миң сомго бекитилсин.
3. 2018-2019-2020-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Я.Т. Абдурахманов |