Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 16–апрели № 18/7
Ынтымак айыл округунун 2011–жылга бюджетинин жана 2012–2013–жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл округунун 2011–жылга бюджетинин жана 2012–2013–жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү “Кыргыз Республикасынын 2011–жылга республикалык бюджети жана 2012–2013–жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилердин катышуусунда Ынтымак айылдык округунун кеңешинин депутаттары тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27 статьясынын 5–пунктуна ылайык Ынтымак айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл округунун 2011–жылга карата бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 8342.2 миң сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
2. 2011–жылга Ынтымак айыл округунун бюджеттин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Ынтымак айыл округунун 2012–2013–жылдарга бюджетинин болжолу тиркемеге негиз колдоого алынсын жана кирешенин болжолу 2010–жылга 8497.9 миң сомго 2013-жылга 8338.3 миң сомго белгиленсин.
4. Ынтымак айыл округунун бюджетинин тартыштыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча башкармалыгы тарабынан өндүрүлүүчү салыктардын кошумча булактарын таап айыл округунун бюджетин өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлсүн.
5. Ынтымак айыл округу:
- жыл ичинде ушул токтомдун 1–пунктунда бекитилген сумманы айылдык округунун кеңешинин сессиясынын чечимине негиз өзгөртүүгө укуктуу;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде толуктоолорду жүргүзүүгө, киреше бөлүгүнүн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого;
- киргизилген өзгөртүүлөрдү Ынтымак айылдык округунун кеңешинин сессиясына сунуштоого;
6. Ынтымак айыл округунун финансалык–экономикалык негиздерин чыңдоо, мамлекеттик каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл округуна тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык округунун кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Усонов |