Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 37/8-7
Талас шаарындагы Ч.Сатаев көчөсүндөгү №46, №48 жана Д.Сарыгулов көчөсүндөгү №75 көп кабаттуу үйлөрдү борбордук откана аркылуу жылытуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 30.05.2017-жылдагы № 01-2/624 чыгыш сандуу жана Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын 19.04.2017-жылдагы № 68 чыгыш сандуу каттарынын негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын күз-кыш мезгилдерине карата жылуулук менен толук кандуу камсыздоо максатында Талас облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо долбоорун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Ч.Сатаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу №46, №48, Д.Сарыгулов көчөсүндөгү №75 үйлөрдү кайрадан борбордук отканага кошуп, жылуулук менен камсыздоо үчүн жер астындагы жана үй ичиндеги түтүкчөлөрүн ондоп калыбына келтирүү жана ал үйлөрдү толук кандуу жылуулук менен камсыздоо үчүн 1 485730 (бир миллион төрт жүз сексен беш миң жети жүз отуз) сомдук долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жетекчисине (М.Мамадалиев) көп кабаттуу үйлөрдүн капиталдык ремонттук иштерин жүргүзүүгө карата иш аракеттерди тездетүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |