Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 38/8-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин балансындагы ГАЗ 24-10 маркасындагы, 1990-жылы чыккан мамлекеттик номери 1001 ТМ кызматтык автоунаасын темир баасында сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык,Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 25.05.2017-жылдагы №01-1/598 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын № 3 протоколдук чечимин карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин кызматтык ГАЗ 24-10 маркасындагы мамлекеттик номери 1001 ТМ кызматтык автоунаасын мындан ары пайдаланууга мүмкүн болбогондуктан темир баасында сатууга макулдук берилсин жана сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебине чегерилсин.
2. Токтомдун негизинде Талас шаардык кенешинин балансында турган кызматтык автоунааны мыйзам талаптарына ылайык эсептен чыгаруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Аскаров) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |