Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 39/8-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы № 31/6-7 сандуу “2016-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинини негиздери” мыйзамынын 44-беренеси, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2- бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы №31/6-7 сандуу “2016-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Талас шаардык кеңешинин сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 20.04.2017-жылдагы №31/6-7 сандуу токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасына төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин балансындагы ГАЗ 24-10 маркасындагы 1990-жылы чыккан мамлекеттик номери 1001 ТМ кызматтык автоунаасын темир баасында сатып, эсептен чыгаргандан кийин жаңы кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн 350,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына(Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |