Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 40/8-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 9.02.2017-жылдагы № 4/1-7 сандуу “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 1-2-3-5-пункттарына, Талас шаардык кенешинин Регламентинин 5- бапынын 5.2. бөлүмүнө ылайык, Талас шаардык кенешинин СДПК жана Кыргызстан фракцияларынын сунуштары жана Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча жана Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарынын негизинде Талас шаардык кенешинин 9.02.2017-жылдагы № 4/1-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курамы 7 депутаттан турган төмөндөгүдөй курамда Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы кайрадан өзгөртүлүп түзүлсүн.
Иманалиев Жолдош Жусупович Республика фракциясынан
Багышбеков Бузурман Кожомуратович СДПК фракциясынан
Асаналиев Айбек Каныбекович СДПК фракциясынан
Аблабеков Памир Суеркулович Республика фракциясынан
Момунбеков Бектурсун Жылдызович Кыргызстан фракциясынан
Атаканов Нурлан Чырбанович Айкөл фракциясынан
Момунбеков Нуркан Алтынбекович Мекеним Кыргызстан фракциясынан
Курамы 5 депутаттан турган төмөндөгүдөй курамда Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы кайрадан өзгөртүлүп түзүлсүн:
Сүйүтбекова Эльмира Талантбековна Мекеним Кыргызстан фракциясынан
Рыскулбекова Асыл Калмурзаевна СДПК фракциясынан
Тууганбаев Бакытбек Өзөрбаевич Республика фракциясынан
Абакиров Докторбек Кубанычбекович Республика фракциясынан
Куручбекова Асел Сыргабаевна Кыргызстан фракциясынан
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |