Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 41/8-7
Б.Тазабеков жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы-мэр А.Джузупбековдун 29.05.2017-жылдагы №01-2/615 сандуу Сунуштамасынын негизинде Талас шаардык “Семетей-Талас” футболдук клубу муниципалдык мекемесинин директору кызмат ордуна Б.Тазабековду дайындоо жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын алдындагы “Семетей-Талас” футболдук клубу муниципалдык мекемесинин директору кызмат ордуна Б.Тазабековду дайындоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |