Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 42/8-7
Талас шаарынын спортчулары үчүн сатылып алынган “ Мерседес-Бенц-313” микроавтобусун Талас шаардык “Семетей -Талас” футболдук клубу муниципалдык мекемесине ыкчам башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пункту,Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу - мэриясынын 30.05.2017-жылдагы № 01-2/623 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык мэриясынын “Семетей-Талас” муниципалдык футболдук клубу Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Чемпионатына катышып жаткандыгына байланыштуу спортчуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана жол кире каражаттарын үнөмдөө максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын спортчулары үчүн сатылып алынган “ Мерседес-Бенц-313” микроавтобусу Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансынан ыкчам башкаруу келишиминин негизинде Талас шаардык “Семетей-Талас” футболдук клубу муниципалдык мекемесине өткөрүлүп берилсин.
2. Талас шаардык муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине тиешелүү тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |