Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 31-майы № 43/8-7
Талас шаардык жергиликтүү бюджетке кошумча (трансферттер) акча каражаттарды түшүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2- бөлүмүнүн 2-пункту,Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 31.05.2017-жылдагы №01-1/631чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаарынын жергиликтүү бюджети өткөн 2016-жылга салыштырмалуу 16,0 млн сомго белгилүү шарттардын негизинде аз бекитилгендигин эске алып, жергиликтүү бюджетке кошумча трансферттерди тартуу аркылуу шаардын социалдык экономикалык абалын жакшыртуу жана социалдык обьектилерди капиталдык ондоп түзөө иштерин жүргүзүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине жыл ичинде кошумча (трансферттерди) акча каражаттарды тартып, шаардын социалдык жана билим берүү тармагындагы объектилерди капиталдык оңдоп түзөө жумуштары үчүн бөлүнүп каржылансын.
2. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине кошумча акча каражаттарды жана инвестициялык булактарды тартуу боюнча ар тараптуу иш аракеттерди уюштуруу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясына (А.Джузупбеков) жүктөлсүн.
3. Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | И. Ырсалиева |