Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 16-апрели № 18/8
Ынтымак жайыт бирикмесинин 2010–жылга аткарган иштери боюнча отчеттун угуу жана 2011–жылга бюджеттин жана иш–чаралар планын бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл округунун кеңешинин депутаттары сессиянын күн тартибиндеги “Ынтымак жайыт бирикмесинин 2010 – жылга аткарган иштери боюнча отчеттун угуу жана 2011–жылга бюджеттин жана иш чаралар планын бекитүү жөнүндө” маселени жана “Ынтымак” жайыт бирикмесинин төрагасы А.Сейдалиевдин жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча сунушун, Ынтымак айыл округунун кеңешинин депутаты А.Кенжебаевдин жайыт аянтындагы бадалдарды кыйган адамдарга жазана салуу сунушун карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак жайыт бирикмесинин 2010–жылга аткарган иштери боюнча отчеттун канааттандыраарлык деп табылсын жана 2011–жылга бюджетти инвестициялык иш планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет.)
2. “Ынтымак” жайыт бирикмесинин карамагындагы жайыт жерлерин өз алдынча тосуп алган жарандарга тосуп алгандыгы үчүн 1 га жерине 3500 сом төлөм 2011–жылдын 3–январындагы Беш–Буркан айылынын тургундарынын чогулушунун № 3-протоколуна негиз киргизилсин.
3. Ынтымак айыл округунун 2011–жылдын 7–мартындагы Ынтымак айыл округунун жайыт комитетинин № 4–протоколуна негиз бир боо бадал кыйган адамга 1500 сом өлчөмүндө жазана салуу жагы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ынтымак” жайыт бирикмесинин төрагасы А.Сейдалиевке милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Усонов. |