Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 11- сессиясы
2017-жылдын 11-июлу № 56/11-7
Талас шаардык Тазасуу муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жана инвестиция тартуу багытындагы иш аракеттеринин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинин 4-пункту, 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-пункттары, Талас шаардык кеңешинин Регламенти 2-бап,18-пункту, Талас шаардык кенешинин 13.03.2017-жылдагы №10/3-7 сандуу токтому менен кабыл алынган иш пландын негизинде, Талас шаардык кенешинин Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун №4 протоколдук сунушун жана текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Тазасуу муниципалдык ишканасынын (М.Сопалиев) ишмердүүлүгү жана инвестиция тартуу багытындагы иш аракеттери жөнүндө маалыматтык отчетунда белгиленген көрсөткүчтөрү менен катар кетирилген кемчиликтери эске алынып, жалпы иши “канааттандырарлык эмес” деп табылсын.
2. Таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчисине кызматтык чара көрүү жагы Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясына (мэр А.Джузупбеков) сунушталсын жана ишкананын 2016-жылга карата толук, 2017-жылдын 6 айы боюнча эсеп-кысап чарбалык бөлүгү шаардык прокуратурага жана фискалдык органдарга текшерүүгө сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |