Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз 11- сессиясы
2017-жылдын 11-июлу № 57/11-7
Талас шаарынын Манас көчөсү № 90 дарегиндеги жеке менчик 600 м.кв. жер участогун Ж-1 зонасынан Ц-1 зонасына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 21.06. 2017-жылдагы №01-5/761 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын № 4 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында чакан жана орто бизнести колдоо максатында, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында Манас көчөсүнүн № 90 дарегинде жайгашкан жеке менчик 600 м.кв.жер участогун Ж-1 зонасынан Ц-1 зонасына которууга макулдук берилсин.
2. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу -мэриясына (биринчи вице-мэр Ч.Мураталиев) жеке менчик жер участогун зонадан зонага которуу жөнүндө иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |