Загрузка документа…
ЖАӉЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23- апрели № 1
Жаңы-Ноокат айлдык Кеңешинин 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2011-жылга каралган бюджети бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2011-жылга, айылдык Кеңештин бюджеттин бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2011-жылга Республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип, чыгылган долбоору айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттар тарабынан киргизилген түзөөтүлөрдүн негизинде депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 2010-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн финансалык чарбалык иш арекеттери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. 2011-жылга Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджеттин кирешелер бөлүгү 24331.0 мин сом №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2011-жылга Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджеттин чыгашалары бөлүгү 24331.0 мин сом өлчөмүндө калып, салыктардын түрлөрү боюнча № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2011-жылга Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин бюдежеттин киреше бөлүмүнөн кем болгон 462.0 мин сом акчаны 1 жыл ичинде толуктап берилиши Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
5. Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин жергилктүү өз алдынча башкаруу органынын финансалык-экономыкалык негиздерин чындоо алардын финансалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдаланусунун камсыз кылуу жагы айыл ѳкмөтүнүн финасы экономика бөлүмү тарабынан көзөмөлдөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Жаны-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссыясына тапшырылсын.
Жаны-Ноокат айылдык кенешинин төрагасы |
А Худайназаров |