Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 10- сессиясы
2017-жылдын 7-июлу № 51/10-7
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Талас шаарынын 2017-2020-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 41-беренесинин 1-бөлүмүнүнүн 3-пункту, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 20.06.2017-жылдагы № 01-3/754 чыгыш сандуу каты жана Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Талас шаарынын 2017-2020-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева)тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |