Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 10- сессиясы
2017-жылдын 7-июлу № 52/10-7
Талас шаарынын 2018-2019-2020 -жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту,Кыргыз Республикасынын бюджет Кодекси,Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 04.07.2017-жылдагы №01-2/827 чыгыш сандуу катынын негизинде сунушталган Талас шаарынын 2018-2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2018-2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Талас шаарынын 2018-2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына накталай кассалык акча жүгүртүү көлөмүнүн болжолу 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджет Кодексинин 24-беренесине ылайык шаардык бюджетке 618,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонд болжолу түзүлсүн.
5. Талас шаардык жергиликтүү бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Талас каржы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу туруктуу комиссиясынын төрайымына(Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |