Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 10- сессиясы
2017-жылдын 7-июлу № 53/10-7
Талас шаардык кеңешинин №14/4-7 сандуу токтомун жокко чыгаруу жана №35/7-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын депутаттарынын сунушу, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын № 6 протоколдук сунушунун негизинде, Талас шаарындагы Газпром тарабынан салынган заманбап спорттук комплексти кармоо жана иштөө натыйжалуулугун жакшыртуу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы “Газпром” спорт комплексин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамагенттигине ыкчам башкарууга өткөрүү жөнүндө Талас шаардык кенешинин №14/4-7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаардык кенешинин №35/7-7 сандуу токтомуна төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Токтомдун 1-пунктунда белгиленген; -2016-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Талас шаарынын Бердике Баатыр, А.Оторбаев, А.Огонбаев, Ш.Шеркулов, Ж.Мырзалиев, И.Сарыгулов, Үмөт Молдо, Ж.Турсалиев, Токтогул, Э.Мадиев, Ч.Мамбетов атындагы областтык оорукананын көчөсүн жарыктандыруу үчүн электр жабдууларын алуу жана Бердике баатыр көчөсүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейинки И.Сарыгулов көчөсүнө лоток коюп, курчоо үчүн бөлүнгөн 500,0 сом жана Талас шаарындагы Ө.Шамбетов, Оторбаев жана Ү.Молдо, Подгорный көчөлөрүндөгү көпүрөлөрдү оңдоо жана ички жолдорду жамоо иштерине бөлүнгөн 200,0 жүз миң сом, жалпы 700,0 сом акча каражаты Талас облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгуу үчүн Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын- деген пунктуна Талас облусунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгуудан үнөмдөлгөн суммасынын эсебинен 420,0 мин сом акча каражаты Газпром спорт комплексин кармоо үчүн бөлүнүп, Газпром спорт комплекси аркылуу каржылансын.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |