Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги 10- сессиясы
2017-жылдын 7-июлу № 54/10-7
Талас шаарында ижарага берүүчүнүн менчигинде турган турак жай эмес имараттарды ижарага берүү келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын депутаттарынын сунушу жана Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 06.07.2017-жылдагы №8 чыгыш сандуу кайрылуусунун негизинде Талас шаарындагы муниципалдык объектилерде өткөрүлгөн ар кандай иш чаралардан кийин таштандылардан тазалап иреетке келтирүү үчүн Талас шаардык муниципалдык башкармалыгынын ижара келишимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык объектилер (Э.Кутманалиев атындагы стадион, А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектеби)менен түзгөн ижара келишимдерине, ижарадан түшкөн акча каражаттарын жергиликтүү бюджетке түшүрүүдө ошол мекеменин тазалыгына жумшоо үчүн калькуляциялык эсептин негизинде акча каражат чегерип берүү жөнүндө бир пункт менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына(М.Долдоев) милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |