Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 4/2
Корул айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюжеттин аткарылышы 2017-жылга бюджеттин жана 2018-2019-жылдарга божомол пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2017-жылга бекитүү жана 2018-2019-жылдарга божомол пландарын бекитүү жөнүндө Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген планы 9427,4 миң сом болсо, такталган планы 10444,9 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2017-жылга 8879,5 миң сомго бекитилсин.
3. 2017-жылга Корул айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүн эске алуу менен 8879,5 миң сомго бекитилсин, анын ичинен теңдөөчү грант 7124,5 мин сом, өздүк киреше 1755,0 миң сом, анын ичинен атайын каражат 190,0 миң сом.
4. 2018-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 9067,6 миң сомго каралсын, анын ичинен теңдөөчү грант 7230,6 миң сом, өздүк киреше 1837,0 миң сом.
5. 2019-жылга Корул айыл өкмөтүнүн божомол бюджетинин планынын киреше жана чыгаша бөлүгү 9513,1 миң сомго каралсын, анын ичинен теңдөөчү грант 7578,1 мин сом, өздүк киреше 1935,0 миң сом.
6. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө түрлөрү жана тармактары боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү айылдык Кеңештин токтому менен жүргүзүлсүн.
7. Корул айыл өкмөтүнүн 2017-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүктөрүн ошондой эле өзгөртүүлөрдү өз максатында кириш жана чыгыш болушун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |