Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 4/3
Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл үчүн малга байланган жайыт акыны бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна таянып, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, жалпы жайыттарды пайдалануунун 2017-жылдык планына ылайык Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл үчүн малга байланган жайыт акы
бир баш кой-эчкиге 25 сом,
бир баш бодо малга 60 сом,
бир баш жылкыга 70 сом,
айыл өкмөтүндө бир баш кой-эчкиге 25 сомдон, бир баш бодо малга 60 сомдон, бир баш жылкыга 70 сомдон, жалпы жыйынтыгы 300020 сомго бир жылга бекитилсин.
2. Жогоруда малга байланган жайыт акыны өндүрүү жана өндүрүлгөн акча каражатын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |