Загрузка документа…
ЖАНЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрели № 2
Кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринен пайдалануунун абалы жана жерлердин
аукциондук башталгыч баасын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл ѳкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фондусу жерлерин ижарага берүүдѳ ижара акыларын баштапкы бааларын белгилөөдө Ош областтык агрохимялык лабараториясынын жана Кыргызгипрозем ишканасынын жер кадастрлар боюнча мамлекеттик ишканалары тарабынан аныкталган жер бонитетинин негизинде жердин жайгашуусу, суунун жетиши жана башка сапаттык көрсөткүчтөр белгиленген койфиценттердин негизинде белгиленген башталгыч бааларды карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниеясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин аукцион жолу менен ижарага берүүдө колдонулган төмөнкүдөй баштапкы баалар
Сугат айдоо жерлер гектарына 2500 сомдон 9000 сомга чейин
Кайрак айдоо жерлер 250 сомдон 700 сомга чейин
Бак- дарак жерлер 500 сомдон 2500 сомга чейин
Тескей жана жаш бөлүмүндөгү бак-дарак жерлер
Биринчи бөлүм 1500 сомдон
Экинчи бөлүм 700 сомдон 1000 сомга чейин
Учунчу бөлүм 200 сомдон 500 сомго чейин
бекитилсин жана мындан ары ижарага беруу боюнча өткөрүлүүчү аукциондордо ушул башталгыч баалар негизинде жерлердин башталгыч баасы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн агардык бөлүмүнө жана аукцион жолу менен жерлерди ижарага беруучу комиссияга ташшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапширылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Худайназаров |