Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 4/12
№26 А.Бекташов атындагы орто мектебине 2017-жыл үчүн Мерсико тарабынан берилүүчү азык-түлүктү сактоого бөлмөлөрдүн жетишсиздигине байланыштуу, кампа даярдоо боюнча келип түшкөн өтүнүч катын канааттандыруу жөнүндө
№26 А.Бекташов атындагы орто мектебине 2017-жыл үчүн Мерсико тарабынан берилүүчү азык-түлүктү сактоого бөлмөлөрдүн жетишсиздигине байланыштуу, кампа даярдоо боюнча келип түшкөн өтүнүч катын канааттандыруу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №26 А.Бекташов атындагы орто мектебине 2017-жыл үчүн Мерсико тарабынан берилүүчү азык-түлүк үчүн кампа даярдоого, жыл башындагы жергиликтүү бюджеттен каралган акча каражатынын эсебинен сатып алуу порталына берүү жагы каралсын.
2. 2016-жылы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыров Анарбай тарабынан
3. №26 А.Бекташов атындагы орто мектебине көмүркана салууга керектүү материалдарды сатып алуу үчүн, мектептин багындагы уруксат берилген 30 түп теректи кыюуга комиссиянын курамы түзүлсүн.
4. Мектепте жаңы жемиш багын тигүү максатында эски кара жыгачтарды кыйып, кыйылган жыгачтарды отунга сатып, жемиш багынын өздүк салымына жана бактын тосмо иштерине жумшоо жагы каралсын.
5. Жогорудагы жумуштарга уруксат берүү жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбектен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Алай, Чоң-Алай райондору боюнча региондук башкармалыгынын башчысы Ш.Турдуевден суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |