Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 4/13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык мыйзамынын Алай району боюнча башкармалыгын 20.03.2015-жылдагы №14-05-10/151 катын аткаруу боюнча
Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган КР салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү кенештер айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө укук берилгендигине таянып, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган КР салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү кенештер айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө укук берилгендигине таянып, айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана салык кызматкери Т.Оморовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |