Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 5/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча жылдык отчетуна баа берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 20-беренсинин 7-16-17-пункттарына ылайык, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкердин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып,талкуулап Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкерлери тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Калкты социалдык жактан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу, камкордуксуз балдарга, улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапаровага милдеттендирилсин.
3. Социалдык кызматкер К.Жапарованын атына эл тарабынан түшкөн арыздын негизинде К.Жапаровага чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке сунушталсын.
4. Жарандардын жалпыга бирдей милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндө мыйзамынын негизинде райондук чакырууга жарандарды өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу жагы ВУС кызматкерлери А.Маматовго, Муса уулу Таалайбекке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапарованын
БИЛДИРҮҮСҮ
Корул айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан коргоо боюнча бир катар иштер аткарылгандыгын белгилейбиз.
Тактап айтканда, социалдык жактан женилдик алуучулар боюнча тылда иштегендер -11, жалгыз бой карыялар -7, ооган согушунун катышуучулары – 3, аскер майыптары – 2, 1топтогу майыптар – 26, 2 топтогу майыптар – 81, 3 топтогу майыптар – 30, 18 жашка чейинки майып балдар – 22, баатыр энелер – 129, жарым жетим калган балдар – 69, тоголок жетим калган балдар – 10, ажырашып кеткен же болбосо жалгыз бой жаш энелер – 52, күбөлүгү жок балдар – 1, «кургак учук» оорусу менен ооругандар – 7 болуп каттоодо турушат.
2017-жылдын 16-январындагы Бишкек шаарындагы авиа кырсыктан Корул айыл өкмөтүнүн тургундары да каза болуп, жабыр тарткандыгына байланыштуу алардын тизмелери, жакындары, жашоо-турмуштары такталып, жакындан жардамдар көрсөтүлдү. Тактап айтканда, авиа кырсыктан каза болгон айыл өкмөтүнүн жарандарына КРнын Президентинин, премьер министринен, губернатордон, акимчиликтен, жогорку кенештен, жана башка демөөрчүлөр тарабынан жалпы 1101,0 мин сомдук акча каражаты жана 132,0мин сомдук дары-дармек, кийим-кечелер таркатылды.
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 31-январындагы №16 «15-февраль Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 28 жыл толгондугуна» карата буйругун аткаруу максатында Корул айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 6-февралында №8 буйругу чыгып, ага карата иш-чаралар түзүлгөн. Иш чаранын негизинде айыл өкмөтүндөгү афган согушунун катышуучулары такталып, аларга тиешелүү мамлекет тарабынан берилип жаткан женилдиктер, компенсациялар өз учурунда камсыз болуп жаткандыгы көзөмөлдөнүп турат. Андан сырткары райондо өтүлүүчү салтанатка 3 афган катышуучусу катышып, эстелик аянтындагы митингге катышышты, ал жерде ар түрдүү куттуктоо сөздөр айтылып, салтанат афган катышуучуларына сый-тамактарды берүү менен акчалай белектер менен сыйланышты.
Айыл өкмөтүндө «кургак учук» оорусун болтурбоо жана алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23-апрлеь 1998-жылдын Кыргыз Республикасынын калкын «Кургак учук оорусунан коргоо жөнүндөгү кабыл алынган мыйзамын иш жүзүнө ашыруу максатында» жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 17.08.2013-ж. №490 буйругундагы иш чаралардын негизинде АДК мүчөлөрү, ФАП кызматкерлери менен биргеликте жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 2017-жылга карата айыл өкмөтүндө «кургак учук» оорусу менен 7 оорулу катталып, аларга жакындан жардам берүү жагы көзөмөлгө алынып жатат. Айыл өкмөтүндө «кургак учук» оорусу менен жабыркагандардын көпчүлүгү тышкы жана ички миграцияда жүргөндөрдөн болуп жаткандыгы белгилүү болду.
Корул айыл өкмөтүнүн аймагында «социалдык адилеттүүлүктүн» бир айлыгы боюнча иш жүргүзүүдө калктын жакыр катмарына жакындан жардамдарды көрсөтүүдө өздүгүн тастыктоочу документи жоктор, туулгандыгы тууралу күбөлүгү жоктор дагы деле катталып жаткандыгы белгилүү болду. Бирок, аларга жардам берүүдө документ иштеринин бүткөрүлүшүнө өтө оор себептер бар экендиги, ал эми документи жок жарандардын кайдыгерлиги тескери таасир этип, ушул күнгө чейин камсыз болбой жаткандыгын билдиребиз. Ушул кезге чейин аларга балдардын ата-энелеринин кайдыгерлигинен алынбай жаткандыгы тууралу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 21-февралындагы №38 буйругун аткарууда «8-март аялдардын Эл аралык майрамына» карата Корул айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-февралындагы №13 буйругу чыгып, ага карата иш-чаралар түзүлгөн.
Иш чаранын негизинде айыл өкмөтүндөгү толук эмес үй-бүлөөдөгү энелер такталып, 6 – март күнү айыл өкмөтүнүн салтанатына чакырылып, аларга «Айыл айымдары» тарабынан уюштурулган концерттик программалар тартууланып, белектер таркатылды. Салтанатка чакырылган энелер куттуктоо сөздөрүн айтышып, ырларды ырдашып майрамдык жакшы маанайда кайтышты. 3 аялга ар түрдүү номинациялар берилди.
Ал эми райондо өтүлүүчү салтанатка айыл өкмөтүнөн 10 аялдын катышуусу уюштурулуп, атайын даярдалган акчалай сыйлыктар берилди. «8-март аялдардын Эл аралык майрамына» карата уюштурулган иш-чараларга жалпы 12000сомдук акча каражаты сарпталды.
«Үй-бүлөө жана балдарды колдоо» боюнча социалдык жактан коргоодо турган үй-бүлөөлөрдүн жарандарынын конфликт болгон учурда жеринде текшерүү жүргүзүлүп, ар кандай турмуштук жагдайдагы проблемалары өз убагында чечилип, турмуш шарттары боюнча көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп турат. Тактап айтканда, жаш үй-бүлөөлөрдүн пикир келишпестигинен ажырашуулары көп учурап жатат жана алардын балдары боюнча талаш-тартыш маселелери райондук «Үй-бүлөө жана балдарды коргоо» бөлүмү менен биргеликте жашоо шарыт аныкталып, балдарын багуу үчүн жоопкерчиликтүү жактарга сот тарабынан чечимдер чыгарылып турат.
Корул айыл өкмөтүндөгү Социалдык маселелер боюнча комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча жана азыркы учурдагы эң көйгөйлүү маселе болгон аз камсыз үй-бүлөөлөргө жөлөкпулдарды чектөө боюнча аткарылып жаткан иштерде бир топ кемчилдиктер жана калк тарабынан айтылган нааразычылыктарды азайтуу максатында бир кыйла иштер аткарылууда. 2017-жылдын 1 чейрегине карата социалдык маселелер боюнча түзүлгөн комиссиясы тарабынан 61 үй-бүлөөгө, жөлөкпул алуу үчүн социалдык өнүгүү башкармалыгына сунушталды.
Андан сырткары жогорку жактан келген каттар, буйруктар, токтомдор өз учурунда аткарылып жатат.
Корул айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча А.Маматовдун
БИЛДИРҮҮСҮ.
Январь айында план 30000 сом болсо, аткарылганы 29850 сом, февраль айына план 30000 сом болсо, аткарылганы 117500 сом, март айына план 11000 сом болсо, аткарылганы 48000 сом чогулутулуп, 2017-жылдын биринчи үч айында 195350 сомго аткарылып, 105500 сом ашыкча төгүлдү.