Редакцияот 01.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5-отуруму

 

2017-жылдын 1-апрели № 5/2

Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча С.Жакыповдун жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер титирөөдөн жабырлангандарга жакындам жардам берип тактоо жагы С.Жакыповго, сел каптоонун, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар күчөтүлсүн, жер көчкү коркунучу бар участокторго жооптуу кызматкерлер бекитилип, эл арасында түшүндүрүү иштери айыл башчылар тарабынан жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Маназаров

 

Табигый кырсыктардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүп жаткан иштер боюнча ӨК ТЖ КЧ боюнча башкы адис С.Жакыповдун

БИЛДИРҮҮСҮ

Корул айыл өкмөтүндө 2017-жылдын январь, февраль, март айыларында табигый кырсыктын алдын алуу боюнча бир топ иштер аткарылган.

Аба ырайынын туруксуз болгондугуна байланыштуу, жер көчкү, кар көчкү корокунучу бар участкалардагы айыл тургундарына жана кооптуу деп эсептелегн 60 үй-бүлөөгө айыл башчылар К.Закиров, А.Аматбеков, ВУС кызматкер А.Маматовдор менен биргеликте эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2017-жылдын 22-март күнү Кең-Жылга айылынын Кара-Жылга участкасынан ички жолго жана Ажымаматов Сүйүндүн үйүнүн эшик алдына чейин кар көчкү түшүп, өзгөчө кырдаалга бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен карлар тазаланды.

Кең-Жылга айылынын Орон-Жылга участкасындагы ички жолдон түшүүчү селди өз нугу менен агып кетүүсү үчүн, таш арык куруу жана 1-Май айылынын Тынай участкасынын сел тосмонун ичин тазалоо иштери 2017-жылга планга киргизилди