Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 5/3
Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын жана түнкү отуруштарды болтурбоону алдын алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын, акыркы коңгуроо салтанатына карата окуучулар арасында түнкү олтуруштарды болтурбоону алдын алуу боюнча Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларын жана түнкү отуруштарды болтурбоонун алдын алуу боюнча бир топ иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин жана мындан ары ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлсүн.
2. Мектеп окуучуларын медициналык эрежеден өткөрүүнү ар жыл сайын камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин санитардык-гигиеналык абалын такай көзөмөлдөө, жагын жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу жагы ФАП башчыларына, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Мектептерде жана класстык кааналардын санитардык- гигиеналык абалын жакшыртуу, 1-4-класстарга шашке тамагын уюштурууда баардык нормаларды жана азык-түлүктүн сапатын сактоо, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын санитардык –гигиеналык жактан колго алуу жагы мектеп директорлоруна жана айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин 2017-2018-жаңы окуу жылына карата ремонт иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун баардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына жана ФАП башчыларына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |
Билим берүү, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун баардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Орозалиевдин
БИЛДИРҮҮСҮ
К.Тайчабаров атындагы орто мектебинде 25 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 20 жогорку билимдүү, 5 атайын орто билимдүү мугалим. Билим берүүнүн мыктысы 7 мугалим. Окуучулардын саны 215, билим сапаты 50 пайызды, ал эми окуучулардын катышуусу 95 пайызды түзөт. Мектепте камкорчулар кеңеши түзүлүп, ага ар бир окуучу 200 сомдон берет. Үй-бүлөөлүк абалына карата окуучуларга жеңилдик берилген. Мектепте 7 компьютер, 2 принтер бар. Орус тили жана адабияты мугалими Жусупбеков Медербектин класс жетекчилердин иш кагаздары боюнча иш тажрыйбасын районго жайылтууга болот.
А.Бекташов атындагы орто мектебинде 25 мугалим эмгектенет жана 316 окуучу билим алат. Окуучулардын билим сапаты 49, ал эми катышуусу 94 пайызды түзөт. Райондук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 2 окуучу 2-орунду ээлешкен. Мектепте 1-4-класска чейинки 107 окуучу ысык тамак ичишет. Мугалимдердин план конспенктилери толук жазылып, текшерилип кол коюлган.
Класстан тышкаркы иштер боюнча жогорку жактан келген буйруктар жана ар кандай даталуу күндөргө конкурс, концерттер, жумалыктар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турулат. Быйылкы окуу жылында класстан тышкаркы иштер боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип, 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө карата өткөрүлгөн "Биз СПИДке каршыбыз" аттуу конкурста райондук турда биринчи орунду, областык турда 3-орунду камсыз кылган. "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунан келген "Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам" аттуу конкурста райондук турда 1-орунду ээлешкен. Ошондой эле "Мыкты Манас жаштары уюму" аттуу конкурста райондук турда биринчи орунду ээлеп, 8-апрелде боло турган областык турга жолдомо алышкан.
Ж.Алимов атындагы орто мектебинде 38 мугалим эмгектенет жана 374 окуучу билим алат. Окуучулардын билим сапаты 56 пайыз, катышу 94 пайыз. Олимпиаданын жыйынтыгында райондо 8 окуучу 2-орунду, облуста 2 окуучу 2-орунду ээлеген. 1-4-класска чейинки 134 окуучу ысык тамак ичишет. Мугалимдердин конспектилери жазылып, текшерилип кол коюлган. Мектепте окуучулар арасында «Кылмыштуулуктун алдын алуу», «Суицидке каршы күрөшүү» боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ж.Орозов атындагы орто мектебинде мугалимдердин саны 23, окуучулардын саны 156. Билим сапаты 48 пайызды, катышуу 94 пайызды түзөт. 1-4-класстардын окуучуларына ата-энелер тарабынан акча чогултулбайт. Мугалимдердин конспектилери жазылган. Кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш пландар түзүлгөн жана бул боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турулат. Мектепте негизги көйгөй спорт залдын жоктугу.
М.Маназаров атындагы негизги мектебинде 16 мугалим эмгектенет. 101 окуучу билим алат. Билим сапаты 53 пайызды, ал эми окуучулардын катышуусу 94 пайызды түзөт. Олимпиадалардын жыйынтыгында зона боюнча 5 окуучу 1-орунду, ал эми райондо 3 окуучу 2-орунду ээлеген. Мектепте 1-4-класска чейинки 52 окуучу ысык тамак ичишет. Мугалимдердин иш план, конспектилери толугу менен жазылып, текшерилип кол коюлган. Бул мектепте негизги көйгөй кошумча корпус салып, окуучулардын санын кармап калуу.