Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 5/4
Айыл өкмөтүндө 2017-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 9-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндө 2017-жылга айлана чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөрдү, жол бойлорун, короолорду тазалоо иштери боюнча ишембиликтерди өткөрүү, калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу, жолдорду жана жол боюндагы кашааларды оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Администрациялык имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, айлана-чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, көрктөндүрүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, гүлдөрдү олтургузуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы мектеп директорлоруна, ФАП башчыларына, балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жер жана агрардык маселелер, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |
Айыл өкмөтүндө 2017-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоонун жүрүшү боюнча Э.Шариповдун
БИЛДИРҮҮ.
№ | Иш-чаралардын планы | Айыл өкмөтү боюнча | Эскертүү |
1 | Ишембликке катышкан мекеме-уюмдардын саны | 14 |
|
2 | Катышкан адамдардын саны | 180 |
|
3 | Бак-дарак тигилди: (даана) | 490 |
|
4 | Ички жана борбордук көчөлөр тазаланды,тротуарлар иретке келтирилип, жолдор ремонттолду (км) | 2,5км |
|
5 | Социалдык мекемелер ремонттолуп, акталды, сырдалды, имараттын сырткы келбети, фасады ремонттолду (саны) | 2 |
|
6 | Айыл ичиндеги тосмолор, кашаалар орнотулду (п.м.) | 600 м |
|
7 | Соода дүкөндөрдүн санитардык-гигиеналык абалы жакшырып, иретке келтирилди (тонна, саны) | 6 6тн. |
|
8 | Ички арыктар жана каналдар тазаланды | 5 км |
|
9 | Жол боюнда жайгашкан турак-үйлөр ремонттолуп акталды, сырдалды (саны) | 6 |
|
10 | Башка иштердин түрү | 5000 сом |
|
11 | Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң сом) | 10 000сом |
|