Загрузка документа…
ЖАӉЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23- апрели № 3
Кызыл-Тейит айылындагы кайра бөлүштүрүү фонд эсебиндеги суу барбай турган 5.20 га сугат жер аятын көп жылдык бак-дарактар жер категориясына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округунун Кызыл-Тейит айылындагы кайра бөлүштүрүү фонд эсебиндеги 5.20 га сугат айдоо жерге суу жетпегендигинен көп жылдардан бери эгин алууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан ал жерди көп жылдык бак- даракты отургузу боюнча айыл тургундарын сураныштарын карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги заседанияси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Тейит айылында жашоочу тургундардын суранычтарынын негизинде Кызыл-Тейит айылындагы кайра бөлүштүрүү фонд эсебиндеги суу барбайтурган 5.20 га сугат айдоо жер аятын көп жылдык бак-даракды отургузууга алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясына тапшырсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы |
А Худайназаров |