Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 5/5
Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Айыл өкмөтүндө апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп –түзөө иштерин жүргүзүү боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апрель айынын акыркы жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү ар жыл сайын белгиленип, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана Атаке мүрзөсүнө сел тосмосун тосуу жана башка мүрзөлөрдүн айланасын тазалап, оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |