Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-апрели № 5/12
Кең-Жылга айылындагы Ж. Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплекси боюнча Бишкекшаарындагы Корулдун атуулдары жана Кең-Жылга айылынын тургундары тарабынан түшкөн арызды кароо жөнүндө
Кең-Жылга айылындагы Ж. Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплекси боюнча Бишкек шаарындагы Корулдун атуулдары жана Кең-Жылга айылынын тургундары тарабынан түшкөн арызды канааттандыруу боюнча
Корул айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылындагы Ж. Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплекси боюнча Бишкек шаарындагы Корулдун атуулдары жана Кең-Жылга айылынын тургундары тарабынан түшкөн арыздын негизинде, спорт комплексиндеги Кең-Жылга айылынын спорт комплекси деген жазуу жашыруун алынып салынып, өз алдынча «Жоро Алимов спорт комплекси» деп жазылып коюлган көрнөктү, спорт комплексинин аты чечилген мөөнөткө чейин алып коюу жагы, Ж.Алимов атындагы орто мектебинин директору Маматумаров Жумаалыга жана чарба иштери боюнча директордун орун басары Айдаралиев Алимбекке милдеттендирилсин.
2. Спорт комплексинде сабактан кийинки учурда айыл тургундарынын топ ойноосуна спорт комплексти элге иштетүү графигин түзүп, 1800дөн 2400гө чейин, каалоочулар үчүн жекшемби күндөргө уруксат берүү, саатына 50 сомдон, айыл өкмөтү тарабынан берилген квитанциянын негизинде иш жүргүзүү жана мектеп окуучуларын киргизбөө жоопкерчилиги мектеп директору Маматумаров Жумаалыга жана мектеп жамаатына милдеттендирилсин.
3. Спорт комплексинде ойноого уруксат алган жамаат, мөөнөтү бүткөндө комплексти жууп, тазалап кетүү жагы жамааттардын лидерлерине милдеттендирилсин жана жамааттардын түшкөн акча каражтынын 70 пайызы спорт комплексинин ремонтуна, 30 пайызы спорт комплексин көзөмөлдөгөн кызматкерге ыйгарылсын.
4. Күрөш боюнча машыктыруу залы жуманын шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү сабак учурунан кийин, кечки саат 24-00гө чейин уруксат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уул Жыргалбекке жана социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |