Редакцияот 11.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 6-отуруму

 

2017-жылдын 11-майы № 6/1

Корул айылдык Кеңешинен аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү боюнча

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Корул айылдык Кенешинен аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү боюнча Корул айылдык Кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы 1-Май айылынын тургундары 15-майга чейин, Тогуз-Булак айылынын тургундары 20-майга чейин, Кен-Жылга айылынын тургундары 25-майга чейин жайлоого көчүрүлсүн. Ал эми жайлоодон көчүп келүүсү 1-Май айылынын тургундары 5-сентябрдан, Тогуз-Булак айылынын тургундары 10-сентябрдан, Кен-Жылга айылынын тургундары 15-сентябрдан белгиленсин.

2. «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү, ошону менен бирге алыскы Демей жайлоосун пайдалануу, айылдарда пада уюштуруп, Демей жайлоосуна көчүрүү жагын тездетүү жана айылдардагы чөп орунду жерлерди кайтарууга кароол дайындоо жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучуларга, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.

3. Алыскы Демей жайлоосуна баруучу бадачылар адаттагыдай эле салык төлөсүн. Жакынкы жайлоого чыгуучу жарандар жана бадачылар субайы менен бирге 20 бодо,100 койдон ашса, жер кыртышын бузуп жаткандыгына байланыштуу, адаттагыдан 3эсе көп салык төлөсүн жана экотехинспекцияга билдирилсин. Ушул жайлоого чыгуучулардын малы деген шылтоо болбосун. Жайлоого өздөрү чыкпагандар малдарын Демей жайлоосуна бадага беришсин. Баш ийбеген бадачыларга экотехинспекцияга билдирилип, жазана салуу жагы каралсын.

4. Элдин суроо талаптары боюнча Кең-Жылга айылындагы Кара-Журттагылар Курбанбай белдин нары жагына көчүрүлсүн. Ак-Башатка Мамажанов Шер кароол болуп, жалгыз үй олтурсун. Күндөй-Жаңы жайлоолоруна малдарды жайлатууга тыюу салынып, экотехинспекцияга билдирилип, жазана колдонуу жагы каралсын..

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссияга жана айыл башчыларга жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Маназаров