Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 6
Үлүш жерлерге жана огород участкаларга кароосуз түшүп кеткен малдарга айып салуу жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтү боюнча үлүш жерлерге жана огород участкаларга кароосуз түшүп кеткен малдарга айып салууну чегерүүнү максатында Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ -чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир баш малга төмөндөгүдөй айып белгиленсин:
Жылкы башына -500сом
Ири мүйүздүү малга-400сом
Кой-эчки башына -60сом
Мындан тышкары келтирилген зыяндын көлөмү комиссия тарабынан эсептелип тийиштүү жерге берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Темирбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. Тыныбековго жүктөлсүн.
Төрага | И. Жумабеков |