Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 7/1
Маданият үйүнүн директорунун, Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдык китепканаларынын башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 14-пунктуна таянып, маданият үйүнүн директорунун Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдык китепканаларынын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн директорунун жана Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылындагы китепкана башчылары тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Китепканалардын, маданият үйүнүн ички жана сырткы ремонтторун жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүп, жашылдандыруу маданият үйүнүн алдына гүл бакчаларды тигүү, даталуу күндөрдө майрамдык кечелерди уюштуруу маданият үйүнүн директору Сыргак Мурзкаримовго, китепкана башчылары Анара Камбаровага жана Махпураткан Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. Китеп окурмандарды, мектеп окуучуларын китепканага тартуу жана китепкананы жаңы китеп фонддору менен толуктоо китепкана башчылары А.Камбаровага, М.Бекмаматовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т. Маназаров |
№6 Н.Шамшиева атындагы Тогуз-Булак айылдык китепканасынын 2017-жылдын май айына чейин аткарган иштери боюнча А. Камаброванын
БИЛДИРҮҮСҮ
Китеп фонду -6360
Китеп окурман -453 чоңдор-205, балдар-248
Келип катышуу -1350 чоңдор-587, балдар -743
Китеп берүү -3418 чоңдор-1652, балдар-1766
Массалык иштер -45 чоңдор-17, балдар-28
Массалык иштер: «Корул айылынын тарыхы», «2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы» китеп көргөзмөлөр чыгарылды.
Чыгарылган китеп көргөзмөлөргө картотека түзүү. Мисалы: «Мекениңди ыйык тут», «Жаратылышты коргойлу», «Ыйманыңды ыйык тут» жана ар түрдүү темалардагы баяндамалар, обзорлор.
Китепканадагы көйгөйлөр.
Капиталдык ремонттон өткөрүү.
Китепкананын айланасын толуктап тосуу
Китеп текче
Окурмандар үчүн, телевизор, ДВД, компьютер.
№7 Кең-Жылга айылдык китепканасынын 2017-жылдын май айына чейин аткарган иштери боюнча М.Бекмаматованын
Б И Л Д И Р Ү Ү С Ү
Китеп фонду -5262
Китеп окурман -397 чоңдор-198, балдар-199
Келип катышуу -1367 чоңдор-673, балдар -784
Китеп берүү -2193 чоңдор-1033, балдар-1154
Массалык иштер -39 чоңдор-22, балдар-17
1. Мындан тышкары китепканада жаңыдан инветарларды, китепчелерди жазуу.
2. Алфавиттик жана систематикалык карточка жазып толуктоо.
Чыгарылган көргөзмөлөргө картотека түзүү. Мисалы: «Ыйманың ыйык болсо, жан дүйнөң тунук болот», «Мекениңди ыйык тут», «Манас» жөнүндө түзүлгөн көргөзмө ж.б.
Массалык иштер:«Корул айылынын тарыхы», «Алайым менин сыймыгым», «2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы» китеп көргөзмөлөр чыгарылды.
Китепкана көйгөйлөрү.
Китеп текче жетишпейт.
Стол, стул жок. Окурмандарга шарт жок, көргөзөмөлөрдү коюуга текчелер жетишпейт.
Китепканага дорожка.
Окурмандар үчүн, телевизор, ДВД, компьютер жок.