Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 7/2
Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин арендага берүү боюнча
Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого таянып, Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн ФПСтин жерлерин арендага берү боюнча жалпы 42 гектар, анын ичинен: кайрак айдоо 18 гектар, чөп орунду 23 гектар жерден 2017-жылга план тапшырма 44,0 миң сом болсо, 13,0 миң сом төгүлгөнү белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин арендага акысын берүү мөөнөтү аукционго коюлуп, беш жылдык мөөнөткө берилген келишимдин негизинде баасы кайрак айдоо үчүн 400 сом, чөп чабынды жердин баасы 400 сомго белгиленсин. Келишими бузулган же келишимдин мөөнөтү бүткөн жерлер кайрадан жалпы аукционго коюлсун жана көп жылдан бери аренда акысы төлөнбөй келе жаткандыгына байланыштуу, жогорку Мукур участкасындагы жерлердин келишими бузулуп, ( тамарка баасында) кайрадан аукционго коюлсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Эркинбай Шариповго жана жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Момунжан Дайирбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |
Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин арендага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Эркинбай Шариповдун
БИЛДИРҮҮСҮ
Айыл өкмөтүндө кайра бөлүштүрүү фондунун жери 42 га, анын ичинен 23 га чөп орунду, кайракы айдоо 18 га. Ал эми бак 1 га. Жогорудагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерине 2014-жылдан 2018-жылга чейин 5 жылдык мөөнөт менен 33 жаранга келишим түзүлгөн. 2017-жылга карата келишимдин негизинде 41400 сом төгүлөт. Июнь айына чейин РСК банкына 13000 сом төгүлдү.